Салык төлөөчүлөр 28-январга чейин салык режимин тандашы керек

Салык төлөөчүлөр 28-январга чейин салык режимин тандашы керек.

Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, салыкты милдеттүү патент

негизинде төлөгөндөр, салык келишими же чекене сатуудан алынуучу салыкты

төлөгөндөр катталган жери боюнча органдарга кайрылууга тийиш. Аталган

категориядагы жарандар бирдиктүү салыкты же жалпы салык режимин тандай

алышат. Эске салсак, учурда ведомствонун бөлүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

«Бирдиктүү терезе» жана Ишкерлерди тейлөө борбору түнкү саат 11ге чейин ачык.