Садыр Жапаров Бишкек менен беш облуска сотторду дайындады

Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарында жана облустарда 15 сотту дайындаганын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүдө Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан президенттин атына Баткен, Ош, Талас облустарынын жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялык кызмат орундарына тогуз талапкер, ошондой эле Чүй, Жалал-Абад, Баткен облустарынын жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялык бош кызмат орундарына жети талапкер, жалпы 16 талапкерге сунуш келип түшкөнү айтылат.

 

Өлкө башчы 15 талапкер боюнча сунушка макул болгон.

Баткен облусу

Баткен облустук соту:

  • Абышова Кундуз Сабырбековна.

Кадамжай райондук соту:

  • Ажиматов Улан Абдыкаарович;
  • Тажибаев Илязбек Курванбекович;

Лейлек райондук соту:

  • Абдимиталипов Эльярбек Бахадирович.

Сүлүктү шаардык соту:

  • Эрматова Гүлзат Муктаровна.

Кызыл-Кыя шаардык соту:

  • Адимов Акылбек Акматович.

Ош облусу

Кара-Суу райондук соту:

  • Гуламидин уулу Элчибек.

Ош шаардык соту:

  • Турдалиев Ниязбек Назарович.

Жалал-Абад облусу

Ноокен райондук соту

  • Чоноев Чынгыз Мелисович.

Жалал-Абад шаардык соту:

  • Ганиев Жоомарт Махамадисакович.

Чүй облусу

Чүй облустук соту:

  • Кыдыралиева Нурзат Амантуровна.

Талас облусу

Талас шаардык соту:

  • Сүйналиев Дамир Сүйүнтаевич.

Бишкек шаары

Бишкек шаардык соту:

  • Бекбаева Нурия Хусаиновна;
  • Накешова Минура Асылбековна;
  • Токтосунов Шарабидин Бекташевич.

Бул жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирери айтылды.