Кара-Суу, Кербен шаардык кеңештерине депутаттар шайланды

Кара-Суу, Кербен шаардык кеңештерине депутаттар шайланды. БШКнын маалыматы боюнча, Ошто Кара-Суу шаардык кеңешине ат салышкан эки партия тең жети пайыздык чектен өтө алды. Ал эми Жалал-Абадда Кербен шаардык кеңешине сегиз партия ат салышты, жети пайыздык чектен алардын бешөө өтө алды.

 

Ушул эле күнү Жалал-Абадда Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылында, Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айылында жана Чаткал районунун Терек-Сай айылында айыл кеңештерине депутат шайлоо өттү.