Салык төлөбөгөндөрдүн банктагы маалыматтарын ачыктоо сунушталууда

Экономика министрлиги банктарды салык төлөбөгөн кардарлардын бардык эсептери тууралуу маалыматты ачыктоого милдеттендирүүнү сунуштоодо.

 

Токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

 

Белгилеп кетсек, учурда салык карызын банктык эсептен өндүрүп алса болот. Ал эми жаңы демилгеге ылайык, банктарды салык төлөөчүлөрдүн эсептери, анын ичинде жаңы ачылган эсептердин бар же жок экендиги тууралуу маалыматтарды берүүгө милдеттендирүүнү сунуштап жатышат.