Бишкектин Ленин округу боюнча Жогорку Кеңеш депутатын кайра шайлоо 10-сентябрга белгиленди.
Бул тууралуу novosti.kgге БШКдан билдиришти. Эске салсак, 16-июнда Боршайком 28-майда өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.
Лидерликке жеткен талапкер добуштарды сатып алууга шектелген. Андан кийинки каттоодо турган талапкер дагы шайлоо фондунан тышкары каражат колдонгону үчүн анын жыйынтыгы дагы эсепке алынбайт.