“Санариптик көчмөн” макамы 1 миң 400 адамга берилди

“Санариптик көчмөн” макамы 1 миң 400 адамга берилди.

 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, бул макамды алууга анимация, графикалык дизайн, мультимедиялык дизайн, программалоо, робототехника жана жасалма интеллект тармактарында иш жүргүзгөн чет өлкөлүк адистер укуктуу. Арызды Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Молдова, Россия жарандары бере алышат.

 

Санариптик көчмөн статусун алуучу 1 жылга иштөөгө уруксат алуудан, убактылуу жашаган жери боюнча каттоодон бошотулат, автоматтык түрдө ПИН-кодду алат.