Түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун 159-183-чакырымы курулуп бүттү

Түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун Жумгал районундагы Дыйкан жана Кызыл-Жылдыз айылдарындагы 159-183-чакырымы курулуп бүттү. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлиги билдирди.

 

Маалыматка ылайык, учурда жол белгилерин орнотуу, арыктарды коюу, жарыктандыруу жумуштары жүрүп жатат. Мындан тышкары тротуар оңдолууда.

 

Балыкчы – Кочкор – Чаек – Арал – Казарман – Жалал-Абад багытындагы 433 чакырымдык бул жол өлкөнүн эгемен тарыхындагы эң маанилүү долбоор экени айтылып келет.