Бишкектин Медеров көчөсү убактылуу жабылды. Транспорт департаментинин маалыматына ылайык, 23-майга чейин анын Элебесов көчөсүнө чейинки тилкесинде жылуулук тармагын өткөрүү иштери жүргүзүлөт.
Буга байланыштуу унаа кыймылына чектөөлөр киргизилет. Айдоочуларга тыгындарды алдын алуу максатында башка каттамдарды түзүп алуу сунушталат.