Бишкек – Кара-Балта унаа жолунун оңдолгон тилкелеринде 6 жаңы жер алдындагы өтмөк курулду

Бишкек – Кара-Балта унаа жолунун оңдолгон тилкелеринде 6 жаңы жер алдындагы өтмөк курулду. Дагы 3 өтмөк кайра калыбына келтирилди, — деп билдиришти Унаа жана жолдор министрлигинен.

 

Ведомстводон белгилешкендей, алар жөө жүрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатында курулду. Ошондой эле, трассада бийиктиги 1 метрге жеткен тосмо орнотулуп, жол чырактардын түрү пайда болот.