Сеул менен Бишкек шаарларынын ортосунда түз авиакаттам ачылышы күтүлүүдө

Сеул менен Бишкек шаарларынын ортосунда түз авиакаттам ачылышы күтүлүүдө. Бул тууралуу Түштүк Кореянын премьер-министри Хан Док Су Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен болгон жолугушуусунда белгилүү болду.

 

Каттамдарды түштүк кореялык авиакомпания аткара тургандыгы айтылууда.

 

Ошондой эле жолугушууда мамлекеттик башкаруу, айыл чарба, санариптештирүү, саламаттыкты сактоо жана аймактарды өнүктүрүү жаатындагы гранттык жана техникалык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.