Шайлоолодо коомдук коопсуздукту 11 миң 500 милиция кызматкери камсыздайт. Бул тууралуу 24 агенттигине Ички иштер министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти.
Андан белгилешкендей, бүгүнтөн тарта 6-октябрга чейин тартип сакчылар кызматтын күчөтүлгөн тартибинде иш алып барат. Шайлоо тилкелери күнү-түнү кайтарууга алынды.
Милиция кызматкерлери антисептик, беткап жана колкаптар менен камсыздалды. Эске салсак, парламенттик шайлоолор ушул жекшемби, 4-октябрда өтөт.