Кыргызстанда коррупциялык кылмыштар тууралуу кабарлаган жарандарга акчалай сыйлык берилиши мүмкүн

 

Кыргызстанда коррупциялык кылмыштар тууралуу кабарлаган жарандарга акчалай сыйлык берилиши мүмкүн. Тиешелүү токтом долбоорун коомдук талкууга Экономика жана каржы министрлиги чыгарды.

 

Ведомство маалымат үчүн мамлекетке өндүрүлгөн сумманын 10 пайызын берүүнү сунуштап жатат. Бирок сый акы   1 миллион сомдон ашкашы керек. Эгер жаран бир нече коррупциялык фактылар тууралуу билдирсе, анда кайтарылган сумманын көбүрөөгү үчүн сый акы берилет.