Бишкекте көп балалуу энелерге медалдар тапшырылды

Бишкекте көп балалуу энелерге медалдар тапшырылды. Мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, 37 аялга “Баатыр эне” ордени тапшырылса, “Эне даңкы” медалы менен 59 эне сыйланды.

 

“Баатыр эне” ордени 7 же андан ашык бала төрөп, аларды тарбиялап өстүргөн апаларга, ал эми «Эне даңкы» медалы алты бала төрөгөн апаларга жана жетим, майып балдар үйлөрүндө он беш жылдан ашык иштеген аялдарга берилет.