Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Тажикстанда коронавирус жок экенин тастыктады

Саламаттыкты сактоо уюмунун Тажикстан мамлекетиндеги өкүлү Галина Перфельева аталган өлкөдө коронавирус катталбаганын расмий билдирди.

 

Ага карабастан Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлү Тажик жарандарын сак болууга чакырып, адамдар көп топтолуучу жайларга барбоону эскертти.

 

«Бүгүнкү күнгө чейин жасалып келген лабораториялык анализдердин баары Тажикстанда COVID-19 вирусун тастыкталганын көрсөтө элек. Ошондой эле коронавирусту аныктоочу 700дөн ашык изилдөө жүргүзүлдү. Азырынча бул өлкөдө вирус жуктуруп алган жарандар боло элек. Учурда дүйнө жүзү бул илдет менен күрөшүп жатат. Бирок өлкө пандемиянын алдын алуу үчүн тест-системдерди, керектүү медициналык каражаттарды алып жана ыктыярчыларды даярдап жатат», — деген Галина Перфельева.

 

Азия мамлекеттеринде вирус каттала элек эки гана өлкө калды. Алар Тажикстан, Түркмөнстан. Ал эми Европада акыркылардан болуп 17-мартта Черногория мамлекетинде коронавирус катталды. Ошентип COVID-19 вирусунан жалпы Европа жабыркап жатат. Мындан тышкары коронавирус Антарктика континентине кире элек. Акыркы маалыматтар боюнча ал жакта бир нече миң адам жашайт. Алар полярдык станциялардын кызматкерлери.