Быйыл 63 кыргызстандык жаранга Түркияда акысыз операция жасалды

Кыргыз өкмөтү менен Түркия өкмөтүнүн ортосундагы «Саламаттыкты сактоо жана медициналык илимдер тармагындагы кызматташтык жөнүндө» макулдашууга  ылайык, быйыл 63 кыргызстандык жаранга Түркияда акысыз операция жасалды.

 

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев парламменттин социалдык саясат боюнча комитетинин 25-декабрдагы жыйынында айтты.

Келишим боюнча Кыргызстандын жарандарына Түркияга барып акысыз дарыланууга 150 квота берилген. Анын ичинен 50 операцияны Түркия элчилиги өзү аныктайт, калганын Саламаттыкты сактоо министрлигинде түзүлгөн комиссия тандайт.

 

Министр бул келишим кайсы бир учурда токтоп калганын, акыркы үч айда кайра жанданганын айтты.

 

2014-жылдын 3-июнунда Анкара шаарында кол коюлган Түркия өкмөтү менен Кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы «Саламаттыкты сактоо жана медициналык илимдер тармагындагы кызматташтык жөнүндө» макулдашууга кошумча болгон 2019-жылдын 20-майындагы Женева шаарында кол коюлган кошумча протоколдун негизинде, кыргызстандык бейтаптар үчүн бөлүнүүчү квотанын саны 100дөн 150гө чейин көбөйгөн.