Токмок шаарынан медицина кызматкерлеринин экинчи тобу Ысык-Көлгө жөнөп кетишти.
Калаа мэриясынан билдиришкендей, эс алуучулардын катарына коронавирус менен күрөшкөн
үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун, аймактык оорукананын, санитардык-эпидемиологиялык
көзөмөл борборунун, өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери жана ыктыярчылар кирди.
Эми 37 дарыгер пансионатта 3 күн бою ден-соолугун чыңдашат. Эс алуу демөөрчүлөр жана
мэриянын колдоосу менен уюштурулду. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда жалпысынан
коронавирус менен күрөшкөн 500гө жакын медицина кызматкери Ысык-Көлгө жөнөтүлдү.