Төө-Ашуудагы туннелге киргизилген чектөөлөр 6-августка чейин алынат

Төө-Ашуудагы туннелге киргизилген чектөөлөр 6-августка чейин алынат. Буга чейин асфальт төшөө иштери аяктап, учурда жол сызыктары чийилүүдө, — деп билдирди Унаа жана жолдор министрлиги.

 

Эске салсак, июндун башынан бери Бишкек – Ош жолундагы Кусеин Көлбаев атындагы туннелди калыбына келтирүү иштери жүрүп, унаа кыймылына чектөөлөр киргизилип жатат.