Жарым жылда Ош шаарында өнөр жай багытындагы 71 ишкана ачылды

Жарым жылда Ош шаарында өнөр жай багытындагы 71 ишкана ачылды. Бул тууралуу жергиликтүү мэриядан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, бул аралыкта 450 жаңы жумуш орду түзүлүп, 200 миллион сомдон ашык инвестиция тартылган.

 

Алты айда ошондой эле өнөр жай ишканалары тарабынан 4 миллиард 85 миллион сомдук продукция өндүрүлгөн. Бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу дээрлик 500 млн сомго көп, — деп айтылат маалыматта.