Түркия 70 өлкө менен аба каттамдарын жандандырат.
TurizmGuncel билдиргендей, жүргүнчүлөрдү ташуучу учактар 10-июндан тартып ишке кирет.
Аба жолдору алгачкылардын болуп, Бахрейн, Болгария, Катар жана Греция өлкөлөрүнө ачылат.
Ал эми Кыргызстан үчүн туруктуу аба каттамдары 22-июндан баштап жүргүзүлөт.
Ошондой эле 1-июлдан кийин Кытай, Молдова, Өзбекстан, Канада, Швеция жана
Украина өлкөлөрү үчүн Түркия чек араларын ачат. Аба каттамдар
эң акырында 1-сентябрдан кийин АКШга жеткиликтүү болот.