Түркия менен Сирияда зилзаладан мерт болгондор 7 миңден ашты

Түркия менен Сирияда катуу жер титирөөдөн мерт болгондордун саны 7200дөн ашты.

Бул тууралуу Би-би-сиге таянып «Азаттык» жазды.

Түркиянын өзүндө набыт кеткендер 5400гө жетип, 32 миңден көп киши жараат алды.

Алдын ала эсепке ылайык, 6 миңден ашык турак жай, имарат кыйрады, миңдеген адам көчөдө калды.

Учурда урандыларды тазалоо, куткаруу иштери уланып жатат.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган өлкөнүн түштүгүндөгү 10 шаарда үч айлык өзгөчө абал жарыялады.

Сирияда да жер титирөөдөн Дамаск, Латакия баштаган ондогон шаар жабыркады.

Түркия менен Сирия чектешкен аймакта 6-февралда таңга жуук күчү 7,8 баллга жеткен зилзала болгон.

Түшкө жакын аймакта күчү 7,5 баллга жеткен жер титирөө кайталанган.