Кыргызстан жөнөткөн куткаруучулар тобу Түркияга жетти.
Социалдык тармактарда алар Стамбул аба майданынан жер титирөөнүн очогу болгон Кахраманмараш шаарына учканы жатканы тартылган видеолор тарады.
Эске салсак, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 6-февралда Түркияга 60тан ашык адамдан турган куткаруучулар тобун жөнөткөн.
Алардын арасында эки ит менен кинолог, дарыгерлер жана психологдор бар.