Түркияда иштеген Кыргызстандын жарандары да пенсияга чыга алышат

Түркия мамлекетинде эмгектенген Кыргызстандын жарандары да келечекте пенсияга чыга алышат. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 2020-жылы Кыргызстандын Өкмөтү менен Түркиянын Өкмөтүнүн ортосунда социалдык камсыздоо жаатында келишим түзүлүп, ал жакынкы аралыктарда күчүнө кирген.

 

Келишимдин алкагында иш стажы боюнча 212 жарандан кайрылуу түшкөн. Анын 210у иштелип чыгып, тиешелүү жооптор берилген.

Учурда Түркия тарап Кыргызстандын бир жаранына пенсия чектеп бергени айтылат маалыматта.