Бишкекте жаңы автобустук каттам кое берилет

Бишкекте жаңы автобустук каттам кое берилет. Мэриядан билдиришкендей, эртең, 25-январдан тарта ордо калаа жүргүнчүлөрүн №56 автобус ташыйт. Ал Чоң-Арык айылынан шакек жол менен жүрүп, Байтик Баатыр көчөсү менен Жибек Жолу, Айтматов проспектилерин камтыйт.

 

Анын жалпы узундугу 24 чакырымды түзүп, 10 мүнөт сайын каттайт. №56 автобус жакында эле каттамга кое берилген №55 коомдук транспортко карама-каршы жүрөт.