Түркияда кайрадан карантин киргизилди

Түркияда акыркы жумаларда коронавирус жугузуп алгандар жана ооруканаларда бейтаптар көбөйүп жатат.

Буга байланыштуу 17-ноябрда президент Режеп Тайып Эрдоган Түркияда кайрадан коронавирус чектөөлөрү киргизилгенин кабарлады. Чечимге ылайык, дем алыш күндөрү эртең мененки саат 10дон кечки 8ге чейин элдин көчөгө чыгышына тыюу салынды.

 

Жашы 65тен ашкан жана 20 жашка чейинки жарандардын күн сайын көчөгө чыгышына да чектөөлөр бар.

Орто мектептерде билим берүү жыл аягына чейин дистанттык негизде улантылмай болду.

 

Түркиянын бардык аймактарында ресторан-кафелерден тамактанууга болбойт. Ал эми тамак-ашты үйгө ала кеткенге гана уруксат берилет.

Токтомдун негизинде, коомдук жайларда чылым чегүүгө толугу менен тыюу салынып, ири өлчөмдө айып пул салынары маалымдалган.

Түркияда коронавирус илдетин жугузуп алгандар биринчи жолу 11-мартта катталган. Ошол кезде өлкөдө ресторандар, соода борборлору, коомдук жайлар жана мектептер жабылган. 1-июнда чектөөлөр алынып, жарандарга беткап тагуу милдеттендирилген.

 

Өлкөдө быйылкы жылдын апрель айынан бери бир күндө коронавирустан каза болгондордун саны жүздөн ашкан эмес эле.

Расмий маалыматтар боюнча 17-ноябрда Түркияда COVID-19 вирусунан өлгөндөрдүн саны 3819 кишиге жетти. Вирусту жугузуп алгандар 421 миңден ашып, алардын 360 миңге жакыны сакайды.

 

Коронавирус жуктуруп алгандар Стамбул, Анкара, Бурса жана Измир сыяктуу ири шаарларда көп катталууда.

Түркия Кыргызстан менен аба каттамдарын 7-августта калыбына келтирген. Бул өлкөдө 25 миңден ашуун кыргызстандык расмий каттоого алынган.