«Айыл чарбасын каржылоо» долбоору жоюлат

«Айыл чарбасын каржылоо» долбоору кийинки жылдан тарта жоюлат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев билдирди.   Анын айтымында, 2025-жылдан тарта жеңилдетилген насыялар кооперативдерге гана берилет.

Айыл чарба министрлиги 60,6 млн сомго жайыт чөптөрүнүн үрөнүн сатып алат

Кыргызстан 2024-жылы 60,6 млн сомго 207 миң 280 кг жайыт чөптөрүнүн үрөнүн сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, алынган үрөн 22 миң 530 гектар кунарсыз жайыт аянтын жакшыртуу максатында колдонулат.  … Кененирээк…

Баткенде өсүмдүктөрдүн карантин лабораториясынын имараты пайдаланууга берилди

Баткенде өсүмдүктөрдүн карантин лабораториясынын имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Лаборатория аймакта зыянкечтерди, илдеттерди жана отоо чөптөрдү аныктоо жана алдын алуу максатында курулган. Ошондой эле экспортко чыгуучу айыл чарба продукцияларына лабороториялык изилдөө жүргүзөт.   Буга чейин бул иштер Ош облусунда жүргүзүлүп… Кененирээк…

Январда өлкөдөн экспорттолгон мал импорттон он эсе көп болду

Январь айында Кыргызстан чет өлкөгө 13 357 баш мал экспорттоду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги маалымдады. Сатылган мал-жандыктын ичинен: бодо мал – 7267 баш; кой-эчки – 5631 баш; жылкы – 459 баш. Көрсөтүлгөн убакыт аралыгында өлкөгө импорттолгон малдын башы 1 140ты түзгөн: бодо мал –… Кененирээк…

Ветеринардык кызмат 102 млн сомдон ашык каражатка вакцина сатып алат

Ветеринардык кызмат 102 млн сомдон ашык каражатка вакцина сатып алат. Айыл чарба министрлигине караштуу мекемеден билдиришкендей, бул боюнча тиешелүү тендер жарыяланды.   Маалыматка ылайык, вакцина шарп, чечек, күйдүргү, кара тумоо сыяктуу ооруларга каршы колдонулат.

«Айыл чарбасын каржылоо – 12»: Быйыл дыйкандарга 7 млрд сом насыя берилет

Быйыл «Айыл чарбасын каржылоо» долбоорунун алкагында дыйкан-фермерлерге 7 млрд сом жеңилдетилген насыя берилет. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, Министрлер кабинетинин тескемеси менен “Айыл чарбасын каржылоо – 12” долбоору кабыл алынды. Аны ишке ашырууга мамлекеттик… Кененирээк…

Өкмөт картошка менен пахтанын аянтын азайтууну сунуштады

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги жазгы талаа иштерине даярдык көрүлүп жатканын, быйыл “Айыл чарбасын каржылоо-12” долбоорунун алкагында дыйкандарга 7 миллиард сом берилерин билдирди. Бул тууралуу министрдин орун басары Маил Алияскаров 29-январда Жогорку Кеңештеги Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык… Кененирээк…

Былтыр Кыргызстанда сүт өндүрүү көбөйдү

Былтыр Кыргызстанда сүт өндүрүү көбөйдү.   Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, 2023-жылы 1 миллион 777 миң тонна сүт өндүрүлгөн. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 2,5 пайызга көп.   Маалыматка ылайык, сүт өндүрүү боюнча Чүй облусу алдыда. Ал эми эң аз продукция Талас облусунда өндүрүлгөн.

Быйыл Кыргызстанга 286,7 миң тонна жер семирткич керектелет

Минералдык жер семирткичтерге болгон жылдык керектөө 2024-жылы 286,7 миң тоннаны түзөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, анын ичинен: — азоттук жер семирткичтер – 163,5 миң тонна, — фосфордук семирткичтер – 105,9 миӊ тонна, —… Кененирээк…

Кыргызстанга мал жана эт алып келүүдө ветеринардык көзөмөл күчөтүлөт

Кыргызстанга мал жандыктарын жана эт азыктарды алып келүүдө ветеринардык көзөмөл күчөтүлөт.   Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, эми өлкөдөгү 32 өткөрүү пункту башкы ветеринардык инспектордун уруксат кагазынын түп нускасын жана башка коштоочу документтерди талап кылат.   Ошондой эле жаныбарлар көзөмөлдөн өткөндөн кийин карантинге алынары белгиленген.  … Кененирээк…