Былтыр Кыргызстанда сүт өндүрүү көбөйдү
Былтыр Кыргызстанда сүт өндүрүү көбөйдү. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, 2023-жылы 1 миллион 777 миң тонна сүт өндүрүлгөн. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 2,5 пайызга көп. Маалыматка ылайык, сүт өндүрүү боюнча Чүй облусу алдыда. Ал эми эң аз продукция Талас облусунда өндүрүлгөн.