Талас мамлекеттик университетине жаңы ректор дайындалды

Жыргалбек Шаршембиев Талас мамлекеттик университетинин ректору болуп дайындалды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Шаршембиев министрлер кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 418 жобосуна ылайык кызматка дайындалган.

 

Белгилеп кетсек, 2023-жылдын 21-августунда Талас мамлекеттик университетинин ректору бош кызмат ордуна сынак жарыяланган.