Кайра шайлоо: төрт талапкер шайлоо күрөөсүн кайтарып ала алышат

Ленин округу боюнча шайлоого катышкан төрт талапкер шайлоо күрөөсүн кайтарып ала алышат. БШКнын маалыматына караганда, кеп беш пайыздан ашык добуш алган талапкерлер тууралуу болуп жатат.

 

Калган талапкерлер берген каражат мамлекеттик бюджетке жумшалат. Эске салсак, шайлоо күрөөсү 100 миң сомду түзөт.

 

Аталган аймак боюнча кайра шайлоого 24 адам катышты. Шайлоонун жыйынтыгы 24-сентябрга чейин жарыяланат.