Сузакта ирригациялык каналды реабилитациялоо аяктады

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Жар айыл аймагында ирригациялык каналды реабилитациялоо иштери аяктады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, канал Жерге-Тал айылында жайгашкан, узундугу 2,8 чакырым болгон участокто лотокторду төшөө иштери аяктады. Жалпысынан 467 даана жаңы лоток орнотулду.

 

Белгиленгендей, эми 1 миң гектардан ашык жер сугат суу менен камсыз болот.