Талас облусунда арзандатылган баада көмүр сатылат. Демилге президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө таандык, ал эми каржылоону өнүктүрүү фонддорунун бири көрсөттү. Буга чейин Таласта Казакстандан жеткирилген көмүр тоннасына 7-8 миң сомдон сатылып келген.
Эми кара отунду облуска Кара-Кечеден ташып келүү чечими кабыл алынды. Транспорттук чыгымдарга фонд 2 миллион сом бөлүп берди. Мунун аркасынан Таластын тургундарына көмүр тоннасына 5 миң 200 сомдон сатылат.