Талас облусунун Кара-Буура районундагы “Семетей” кинотеатры капиталдык оңдоодон өтүүдө.
Маданият министрлигинин маалыматына караганда, ремонт иштерине облусту өнүктүрүү фонду тарабынан 10 миллион сом бөлүндү.
Белгилеп кетсек, аталган кинотеатрдын имараты 1980-жылы курулган.
Буга чейин ондоп-түзөөдөн өткөн эмес.