Кыргызстанда балдар 6 жашынан тарта 1-класска барууга милденттендирилет

Кыргызстанда балдар 6 жашынан тарта 1-класска барууга милденттендирилет.

Бул тууралуу бизге Билим берүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөдө мектептер 12 жылдык билим берүүгө өтөт.

Анын алкагында, 0-класс жоюлуп, мектептеги билим берүү 1-класстан башталат.

Ал эми 2-классты балдар 1-класстын программасы менен баштайт.

Мындай өзгөртүүлөр кийинки жылдан тарта ишке кирүүсү күтүлүүдө.