Таласта кыргыз эл акыны Байдылда Сарногоевдин бюсту ачылды

Талас облусунун Сасык-Булак айылындагы Байдылда Сарногоев атындагы маданият үйүнүн алдына Байдылда Сарногоевдин бюсту ачылды.

Бул тууралуу Маданият маалымат жаштар саясаты жана спорт министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Иш-чарада акындын чыгармачылыгына саресеп салынып, бүгүнкү күндө Байдылда Сарногоевдун ырлары өз актуалдуулугун жоготопой келе жатканы, анын адамдык парасаты жана жогорку чыгармачылык касиети тууралуу жылуу пикирлер айтылды.

“Мурдагы өткөн атактуу адамдардын кыял-жоруктарын, жүрүш-турушун айтып берип, оозеки кеби менен да өз кумирлерин ээрчитип жүргөн бул акын көзү тирүү болгондо быйыл 90 жашка чыкмак. Сарногоев поэзия майданына кошулган өткөн кылымдын 50-жылдарынан тартып эле окурмандардын калың катмарынын сүйүктүү акынына айланган. Анын «Ак калпак», «Ашуудан берген отчётум» деген китептери колдон-колго өтүп окулган”, — деп айтылат маалыматта.