Таластагы “Чон-Капка” өткөрмө бекети убактылуу жабылат

Таластагы “Чон-Капка” өткөрмө бекети убактылуу жабылат.

УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, бүгүн кечки саат 7ден түнкү 9га чейин аталган бекетте жарандардын жана унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилет.

Мунун себеби тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү тутумунун техникалык базасын жаңылоого байланыштуу.

Кыргыз-казак чек арасындагы калган өткөрүү пункттары штаттык режимде иштеп жатат.