Өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуу.
Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан билдиришкендей, учурда Кыргызстан “жашыл” зонада.
Бирок оорунун очогу азайганына карабай, жарандарга гигиеналык эрежелерди сактоо сунушталат.
Кошумчаласак, ушул жылдын 15-сентябрынан 15-декабрына чейин сасык тумоо, COVID-19 илдетинин негизги жана кошумча дозаларына эмдөө боюнча жалпы республикалык кампания өтөт.