“Тазалык” ишканасы 530 жаңы таштанды челек сатып алды

“Тазалык” муниципалдык ишканасы 530 жаңы таштанды челек сатып алды. Шаардын төрт районуна 82 контейнерден бөлүштүрүлүп, алардын ар бири өз түсүнө боёлот.

 

Жаңы контейнерлер жараксыз болуп калган челектердин ордуна коюлат, ал эми тешилген, сынган же өрттөлгөндөрү оңдолот.

 

Бишкекте таштанды үчүн 5 миңден ашык контейнер бар. Алар акыркы жолу 2015-жылы жаңыртылган.