Окумуштуулар ырдын тексти анын популярдуулугуна кандай таасир тийгизерин аныкташты

Кёртин университетиндеги австралиялык окумуштуулар чыгарма популярдуу болуу үчүн кандай сапаттарга ээ болушу керектигин аныкташты.

Бул үчүн алар 1999-жылдан 2014-жылга чейин британ хит-параддарына кирген 271 ырды анализдеп чыгышкан.

Аныкталгандай, сөзү канчалык жөнөкөй болсо, ыр ошончолук популярдуу болгон.

Окумуштуулар үнсүз рифмалар жана жөнөкөй текст тректин популярдуулугунун эки негизги компоненти деген жыйынтыкка келишкен.

Бирок, ушул эле факторлор угуучуну тез тажатып жибериши ыктымал.