Тажикстандын куралдуу кол салуусунда Баткен облусунда жалпысынан 640 турак-жай талкаланды

Тажикстандын куралдуу кол салуусунда Баткен облусунда жалпысынан 640 турак-жай талкаланды. Бул тууралуу Курулуш жана архитектура мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Жолдошбек Абдыраев билдирди.

 

Анын айтымында, жеринде атайын комиссия иштеп, тизмектеди. Ага ылайык, жабыркаган үйлөрдүн басымдуусу Баткен районунда – 444 турак-жай, Лейлек районунда 175 конуш талкаланса, Баткен шаарында 21 үй жараксыз абалга келген.

 

Белгилеп кетсек, учурда жабыркаган турак-жайларды калыбына келтирүү жана такыр жараксыздардын ордуна жаңыларын куруу жүрүүдө.