Баткендеги кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан Максат айылында жаңы турук жайлар курула баштады.
5 бөлмөлүү үйлөрдү куруу иштери дем алыш күндөрү башталды. Ар биринин аянты 120 чарчы метрди түзөт.
Турак жайларды заманбап стилде, бардык шарты менен куруу пландалууда. Жалпысынан 136 жаңы үй пайда болот.