Тоң районунун Бөкөнбаев айылында социалдык дүкөн ачылды.
Турмуш басылмасынын маалыматына ылайык, бул жерден калктын
аярлуу катмары, жардамга муктаж, турмуштук оор кырдаалга кабылган
үй-бүлөлөр аталган дүкөндөн өздөрүнө керектүү кийим-кечелерди жана
турмуш-тиричиликке зарыл болгон буюмдарды акысыз алса болот.
Жакынкы арада бул жерде азык-түлүк бөлүгүн ачуу дагы пландалууда.
Социалдык дүкөнгө айылдагы жеке ишкерлер,
соода түйүн ээлери өз салымдарын кошсо болот.