Токиодогу Олимпиада Кыргызстан үчүн эң ийгиликтүү болду

Токиодогу Олимпиада Кыргызстан үчүн эң ийгиликтүү болду.

Алгачкы ирет өлкөнүн капчыгына эки күмүш жана бир коло медаль түштү.

Аларды атлеттер Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана

Мээрим Жуманазарова алып келди. Белгилеп кетсек, буга чейин эң ийгиликтүү

деп 2008-жылы Пекинде өткөн Олимпиада оюндары эсептелчү.

Анда биздин спортчулар бир күмүш жана бир коло тагынышкан.

Андан бери Кыргызстан башкы жайкы оюндарда байгеге татыган эмес.

Алсак, 2012-жылы Лондондогу жана 2016-жылкы

Рио-де-Жанейродогу олимпиададан куру кайтышкан.