Ордо калаадагы айрым турак жайларда ысык суу берүү токтотулат.
“Бишкек жылуулук тармактары” ишканасынан билдиришкендей, 27-июлдан
31ине чейин Шабдан Баатыр, Чүй, Герцен, Гоголь, Сүйүмбаев көчөлөрүндө
жайгашкан айрым көп кабаттуу үйлөрдө ысык суу болбойт. Убактылуу чектөөлөр батыш
1 жылуулук магистралында оңдөп-түзөө иштери жүрүп жатканына байланыштуу болот.