Калкты тейлөө борборлору жана паспорт столдору кадимки тартипте иштейт

Өтүп бараткан жылдын акыркы жумасында калкты тейлөө борборлору жана паспорт столдору кадимки тартипте – эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин иштейт.

 

Бирок майрамдарга байланыштуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги жарандарды документтерди каттоого жана кабыл алууга 29-декабрга чейин кам көрүүгө чакырат.

 

Ошондой эле мекеме пилоттук долбоордун алкагында ушул жуманын аягына чейин Жибек Жолу проспектисинде жана Нуркамал Жетикашкаева көчөсүндө жайгашкан калкты тейлөө борборлору эртең мененки саат 8ден кечки 8ге чейин иштеп жатканын эскертет.