Угандада катардагы эле дыйкан эң чоң үй-бүлө курду

Угандада катардагы эле дыйкан эң чоң үй-бүлө курду. Эркектин 12 аялы,  102 баласы жана 568 небереси бар. Ал бардык аялдары менен бир үйдө жашайт.

 

Тургун муну менен токтоп калбай, дагы үйлөнгүсү келген, бирок турмуш жагдайларынан улам бул оюунан кайтты. Ар кандай кызматтар жана азык-түлүк кымбаттагандыктан, ал үй-бүлөсүн мындан дагы кеңейтүүдөн баш тартып, болгон аялдарын, балдарын жана неберелерин багууну туура көрдү.