Буга чейин шыбы урап кеткен №31 бала бакчанын имараты түрттүрүлбөйт

Буга чейин шыбы урап кеткен №31 бала бакчанын имараты түрттүрүлбөйт. Мэриядан билдиришкендей, мындай корутундуну сейсмология институтунан чыгарышты. Комиссиянын чечими менен бала бакча имаратынын конструкциясы бекемделип, капиталдык оңдоо жүргүзүлөт.

 

Кайра калыбына келтирүү иштерине каражат шаар бюджетинен бөлүнөт. Бөбөктөрдү мектепке чейинки билим берүү мекемеси ушул жылы кабыл ала баштайт. Эске салсак, өткөн жылдын декабрь айында бала бакчанын шыбы урап түшкөн. Бактыга жараша, бул учурда анда эчким жок болчу.