Ун жана буудай ташуучу кыргызстандык импортерлор үчүн НДСтин нөлдүк ставкасынын мөөнөтү узартылды

Ун жана буудай ташуучу кыргызстандык импортерлор үчүн НДСтин нөлдүк ставкасынын мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Экономика министри Данияр Амангелдиев билдирди.

 

Анын айтымында, макулдашуу бүгүн мамлекеттик органдар менен Ун өндүрүүчү ишканалар ассоциациясы ортосунда жетишилди. Күтүлгөндөй, жеңилдик жарым жыл күчүндө болот.

 

Эске салсак, 31-декабрда республика аймагына ташылган ун жана буудайга нөлдүк ставкалардын мөөнөтү соңуна чыгат. Бул өз кезегинде, нан азыктарынын баасынын кымбатташына алып келмек.