Улуттук банк жөнөтүлгөн өлкөнүн гана валютасында акча чечүүгө милдеттендирген талапты жойду

Улуттук банк жөнөтүлгөн өлкөнүн гана валютасында акча чечүүгө милдеттендирген талапты жойду. Эске салсак, мындай эреже өткөн жылдын апрель айында киргизилген.

 

Анда Россия жана Казакстандан доллар менен акча которуулар кескин өсүп кеткен. Америкалык валютанын жетишсиздигин алдын алуу максатында Улуттук банк жөнөтүлгөн өлкөнүн валютасында же сом менен гана чечүүгө жол берген эреже киргизген.

 

Эми бул чектөөлөр алынып, акча которууларды каалаган валюта менен чечсе болот.