Мамлекеттик бюджетке оюн-зоок ишкердүүлүгүнөн май-июнь айларында  25 миллион 450 миң сом түштү

Мамлекеттик бюджетке оюн-зоок ишкердүүлүгүнөн май-июнь айларында  25 миллион 450 миң сом түштү. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

 

Сумманын басымдуу бөлүгү казинолорго туура келет, алар 24 миллион 750 миң сом салык төктү.

 

Дагы 700 миң сомду букмекер конторалары жана тотализаторлор которгон. Кошумчаласак, Кыргызстанда оюн-зоок ишкердүүлүгү өткөн жылдын июнь айында мыйзамдаштырылды.