Тажикстандын куралдуу кол салуусунда каза болгондордун жакындарынын жөлөкпулдары көбөйтүлөт

2021-жылдын апрелинде жана 2022-жылдын сентябрында Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусу учурунда каза тапкандардын жакындарынын жөлөкпулдары көбөйтүлөт. Бул тууралуу өкмөттүн токтомун Эмгек, социалдык өнүгүү жана миграция министрлиги коомдук талкууга койду.

 

Ай сайын төлөнүүчү кошумча жөлөкпулдар төмөнкү учурда берилет:

 

  • Каза тапкан жарандын балдары 18 жашка чыкканга чейин;
  • Каза тапкан жарандын атасы же энесине пенсия жашына жеткенге чейин, эгер жалгыз бала болсо анда өмүр бою төлөнөт;
  • Куралдуу кол салууда жабыркап майып болуп калгандар, — майыптыгы тууралуу медициналык корутунду чыккандан тарта эксперттик комиссиянын корутундусунун мөөнөтү бүткөнгө чейин;

Токтомдун долбоорунда айтылгандай, жөлөкпулдун өлчөмү 3 700 сомдон 5 500 сомго чейин көтөрүлөт.