Камбар-Ата-1 ГЭСинин биринчи агрегаты 2028-жылы ишке берилет

Камбар-Ата-1 ГЭСинин биринчи агрегаты 2028-жылы ишке берилет.

 

Энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдиргендей, техникалык-экономикалык негиздемеге ылайык, долбоорду ишке ашырууга жалпысынан 2 миллиард 900 миллион доллар талап кылынат.

 

Гидроэлектростанция курулуп бүтсө, жылына 5,6 миллиард киловатт-саат электр энергиясын өндүрөт. ГЭСтин плотинасынын бийиктиги 256 метрди түзүп, 5,5 миллиард кубдан ашуун көлөмдө суу чогултат.